Эски-Оочу айылынын тарыхы

“Туулган жердин топурагы алтын” (2013-жылы жазылган материалдардан)

Айылымдын керемет тоолору

Айылым, айылымдын ушунчалык сыйкырдуу,  дем күчү, аба жыты, көркөм сүрөтү, шаркырап аккан дарыянын үнү, шамал соксо бирге согуп эргүү тартуулаган теректердин шыркыраган үнү көз элесимден кетпей ушунчалык сагындым.  Мына ошондо “туулган жердин топурагы алтын”, – деген макалдын ичинде кандай бир өзгөчө сезимдер жатканын мына эми туйуп көрдүм.

Эски-Оочунун тарыхы,( Кожо-Бакырган- Сай)  айылдын корунуктуу, билимдуу адамдары.(Жумабаев Каттабек агайдан алынган маалыматтар боюнча жазылган).

Эски-Оочу айылы Кыргызстандын Түштүк-батыш аймагында жайгашкан болуп Кожо-Бакырган- Сай дарыясынын жээгинде дениз денгээлинин 130-150м бийиктикте жайгашкан. Эски-Оочу айылы азыркы Баткен Облусундагы Лейлек районундагы Бешкент айыл округунда жайгашкан.Тажик Республикасынын түндүк аймагындагы Согди облусунун азыркы Бобожон Гафуроф районунун Оочу-калъача айылы менен чектешет.

Эски-Оочу айылы тарыхый георафиялык маалыматтарга караганда Фергана Өрөөнүнүн Түндүк капталындагы Түркстан тоолорунун бир кичик тоо кыркалары Белисынык жана Ыргайлы тоо кыркаларынын ортосунда Эски-Оочу айылы жайгашып узундугу 120км келген Кожо Бакырган же Козу Багылан дарыясы агып өтөт. Эски Оочу айылынын аты аңчылардын эзелки мезгилден анчылык кылышыдан келип чыккан. Жергиликтүү калктын диолектикасында «Эски Уучу», «Эски Оочу» аталып жаныбыздагы кошуна айылдын уучу оочу аталган айылы бар. Эски-Оочу жайгашкан жерде байыркы заманда чытырман токой болуп дарактуу өсүмдүктөрдөн тал, терек мөмөлүүдөн алмурут, алча, жангак ,бадалдуу өсүмдүктөрдөн дарылык өсүмдүк чычырканак жана башка чөптүү өсүмдүктөр өсөт жана өсүп келген. Эски-Оочу айылынын дарыясында эзелки адамдардын жемиши болгон, балыктардан маринка, сон, ит балык. Мындан тышкары дарыябызды дарыя жээктерин байырлап келген канаттуулардан каз, өрдөк, илек -илек жана башка канаттууларды жергиликтуу калк анчылык кылып келишкен. Эски Оочу айылынын тоо кыркаларында жаратылыш шарты талаалар жана жарым чөлдөргө таандык болгондуктан тоо эчкилери, аркар, каш кулак, карышкыр, тулку жана башка айбанаттар болгон. Алар жергиликтүү  калк жана мергенчилердин  таасиринде жок болгон.

Эски-Оочу айылы Кожо Бакырган Сай дарыясынын жээгинде ага жанаша Кайрагач шаарча болгон. Биздин заманга чейин 1-кылымда. Археологиялык изилдөөлор натыйжасында далилденген 200 уймө топурак, 1969-70-жылдары Москвадан археолоктор келип казышып табылган табылгаларды алып кетишкен.

Мен бул нерсени жазышымдын себеби Эски-Оочу, Кайрагачтын уландысы. Биздин Лейлек районунун аймагында эн байыркы адамдар жашагандыгынын изи табылгандыгы  белгилуу, бул Эски-Оочуга да таандык. Биздин заманга чейин 3-7-кылымдарда ,байыркы сактар жашаган. Б.З.Ч. 5-6-кылымдарда сактарды Персиялыктар багындырып өрөөндүн аймагы Персияга кирген. Александр Македонский биздин заманга чейин 4-кылымда Орто Азияны басып алганда Сыр Дарыянын боюна Александр Македонский  курдурган четки Александрия (азыркы Хожент) шаары күбө болот. Сыр Дарыянын сол куймасы Кожо Бакырган дарыясы Хожентке Эски Оочу 20-25 чакырым келет. Эски Оочу Хожентке таандык болгон. Бул аймактарды 7-к аягы 8-к. башында Арап халифатынын курамына баш ийдирген. 9-10-к. Саманийлерге 11-к. Караханийлерге 12-к. ортосунда Кидандарга карайт. 13-к. башында Хорозм шахына 13-к. 20-жылдары Монголдордун кол астында калат.

Акжол агайдын айтуусу боюнча мурун моголдор жашаган деп айтканына караганда жогорудагы мен айткан жылдарга таандык болот. Биздин аймак 14-к. аягынан1500 жылдарга чейин Тимурийлер мамлекетине 1500 жылдан 1806-жылы Кокондун ханы Алимхан биздин аймакты кол астына алат. Эскии-Оочу жана биздин аймак Кокон хандыгынын Хожент уездине  карап калат. 1867-1917-жылдары орус падышачылыгынын курамында болуп Кокон хандыгы акыркы жылдары орус падышачылыгына караштуу Самаркант гибернациясына баш ийет. Эски-Оочуна кыргыздардын ”Чапкылдык” уруусунун 13-14-к. Нарындын Жумгалдан келет. Лейлек аймагында  мурунтан  кыргыздардын Боксо Сибирчи, байкесек Уруулары жашап келишкен, бул аймакта үч болуштук болгон Боксо Сибирчи, Байкесек, Чапкылдык Эски-Оочу чапкылдыктары Чапкылдык болуштугуна баш ийген. Тарыхта белгилүү болгондой өзбектер Ферганадан 15-к. биздин аймакка келе баштайт Эски-Оочуга өзбектердин келиши дагы ошого байланыштуу болот. Тажиктердин келиши 20-к. башына туура келет, алардын ата теги кистакоздук тажиктер болуп эсептелет. Курт жана чечендердин келиши  Ата мекендик согуш жылдары И.В. Сталиндин буйругу менен биздин орто азияга күрдилер, чечендер, лезгиндер, даргиндер, карачайлар сүргүндөлүшү себеп болот. Эски-Оочу, Кайрагачка чечендер күрдилер жайгашат. Чечендер мурдараак кетип калышат, күрдилер дагы аз санда калышат. Эски-Оочу айылында колхоздоштуруу колхоздун аты «Кызыл байрак» болгон раиси Р. Рахман болгон, Эски-Оочуда эл аз болгондуктан Кайрагачка кошулуп «молотов» колхозу болгон, колхоздун раиси Мурусман раис болгон. 1942-45-жылдары Ата мекендик согушка баргандар Полотов Амира, Полотов Абдилла, Гаипов Тургун, Эркебаев Газбек, Саттаров Абдылганы, Асанов Закир, Асанов Шакир, Асанов Бегимкул Согушка барып кайтып келбегендер.

Жээмуратов Доорон, Жээмуратов Рожап, Орол Аким, Топчубаев Абдылла, Топчубаев умар, Сулайман Айди болуп айтылат. 1953-54-жылдары Эски-Оочудан өтүлүүчү Кулунду каналы казылып каналды аттыруу жана жардыруу таасиринде элдердин көпчүлүгүн азыркы Интеринационал айылына көчүрүлөт. Эск-Оочу, Кайрагач, Кулунду колхозу уюштурулуп Кулундуга карайт 1973-жылы Эски-Оочу  Камитерн совхозуна карайт. 1978-79-жылдары Бешкент совхозуна өтөт 1928-жылдардан кийин СССРдин мезгилинде сабатсыздыкты жойуу мезгили келип, башталгыч класс уюштурулуп окуучулар ар кимдин бош үйүндө окуй баштайт.1946-жылга чейин мектепте окуу латын алфавитинде жургузулгон, мугалимдер Кыргызстандын тундук жана Ош тараптардан келип окутушкан. Лейлектик мугалимдерден Жороев Бостон, Каримов Асан, Ботобеков Ысман. 1970-71-жылдардан Ганиев Акжол окутуп келген. 1986-87-жылдары алты болмолуу класстар ашар жолу менен кошулат. 1990-жилдарга чейин 5-6-7-8-класстар ачылып Кайрагач орто мектебинин филиалында болгон. Мектап башчысы Жумабаев Каттабек болгон. 1991-жылдары Эски-Оочу толук эмес орто мектеп болгон. 1992-жылы директор Ж. Каттабектин арызы менен Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Эски оочу орто мектеби аталат ошол эле жылы озбек класстарда ачылат.1994-99-жылдары Мектеп директорлору Б.Жураев,  Р.Гозибаева, У.Сатиев,  Б.Кумарбаевдер болушкан. 1999-жылдары мектеп Абдырахман палвандын атына койулуп мектеп директору Р.Гозубаева болгон. 2000-жылдан баштап мектеп директору К.Жумабаев башкарып келген. Азыр мектепте 40-ашык мугалим жана тех.кызматкерлери 300-ашык окуучу окуйт. Мектепте сабак эки тилде окутулат өзбек жана кыргыз. Азыркы мектептин директору Туратов Убайдулла жетектейт. Эски Оочу айылында бир мектеп, бир фап, эки мечит, бештен ашык дүкөн бар. Кожолук Бешкент айыл Өкмөтүнө карайт.

                                                                                                             Автор: Кабылова Нуржамал

Добавить комментарий

Ваш адрес электронной почты не будет опубликован.