Кыргыз тарыхы

      Валиханов Чокан (туурасы Шокан)-Чынгызович, Мухаммед Xанафия(1835, азыркы Казахстан Республикасы, Кустанай облусу, Кушмурун айылы – 1865, Казахстан Республикасы Талды коргон облусу, Алтынэнеп кыштагы) – казак элинин тунгуч окумуштуусу, (агартуучу-демократ, тарыхчы, этнограф, фольклорчу жана саякатчы.

       Абылай хандын чөбүрөсү. 1847-53-ж. Омскиден кадеттер корпусун бүткөндөн кийин Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунда кызмат өтөгөн. Орто Азия, Казахстан, Чыгыш Түркестан элдеринин тарыхын, этнографиясын, фольклорун жана маданиятын, ошондой эле Тенир-Тоо аймагынын географиясынн изилдөөгө зор салым кошкон.

1860 – 61-ж. Петербургда жашап, орус революциячыл демократиялык идеялары менен жакындан таанышып, алдынкы орус интеллигенциясы менен тыгыз карым-катышта болгон. Россия ИАнын жана География коомунун иштерине активдүү катышкан. Анын илимий көзкарашы көп кырдуулугу менен айырмаланган: тарых, этнография, география, лингвистика, археология, саясий экономия. Валиханов орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон. Ал Орто Азия, Казахстан жана Батыш Кытай элдеринин тарыхы, маданияты боюнча баалуу илимий эмгектерди жараткан.

        Валиханов 1856-ж. май-июлда аскердик чалгындоо саякатына катышып, Ысык-Көл аймагына келген. Кыргыздын бугу, сары багыш, солто урууларында болуп, эл менен таанышкан. Ушул эле жылдын август айында атайын тапшырма менен Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган. 1857-ж. кайра Ала-Тоодогу кыргыздарга саякат жасаган. «Манас» эпосун кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон. Эпос жана анын айтуучулары тууралуу маанилүү илимий пикирлер айткан. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көңүл буруп, кыргыздар Тенир-Тоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей жана Тенир-Тоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Тениртоого Чынгыз хандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон.

  Василий Васильевич Радлов (Фридрих Вильгельм Радлов; 5.1.1837, Берлин – 12.5.1918, Петроград) – Чыгыш изилдөөчү илимпоз жана түрколог, этнограф, археолог, Петербург Илимдер Академиясынын академиги(1884).Берлин университетин бүткөн (1858), Илимдер академиясынын антропология жана этнография музейине (1894-1918) директор болгон. Орто жана Чыгыш Азияны изилдөөчү орус комитетин түзүү демилгесин бир нече ирет көтөрүп, аны башкаргандардын бири.1860-70 жж. Алтайга, Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга бир нече ирет экспедиция жасап, түрк элдеринин тили, фольклору, этнографиясы жана археологиясы боюнча материал жыйнаган.1891 ж. ИАнын Орхон экспедициясын башкарган, 1898 ж. башында Д.А.Клеменц турган Турпан экспедициясын уюштурган.Биринчилерден болуп Орхон-Енисей жазуусун окуган, Клеменц таап келген байыркы уйгур даректерин изилдеп, жарыялоону баштаган.Р. Түрк тилдерин салыштырма-тарыхый метод менен изилдөөгө негиз салгандардан (“Түндүк түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, 1т., 1882, “Монголиядагы байыркы түрк жазмалары”, 1894-1895, “Түрк тилдеринин морфологиясын сыпаттап жазууга киришме, 1911), түрк элдеринин оозеки чыгармалары боюнча көп материал жыйнаган (“Түрк уруууларынын элдик оозеки чыгармаларынын үлгүлөрү”, 1-10 бөл., 1866-1907); “Түрк наречиелер сөздүгүнүн тажрыйбасы” (1-4 т., 1882-1909) ж.б. эмгектерди жарыялаган.Борбордук (Орто) Азияга жасаган экспедициясында кыргыздар арасында эки мертебе (1861 ж. Текесте, 1869 ж. Чүйдө) болуп кыргыз тили, фольклору боюнча да материал жыйнаган, анда асыресе “Манастын” сюжеттеринен жазып, 1885 ж. кыргыз, немис тилдеринде жарыялаган; манасчылардын, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк өнөрүнө таң калып, бул өнөрдүн башка түрк элдерине караганда кыргызда өзгөчө өөрчүгөн атайы баса белгилеген. Р-дун түрк тилдеринин, дагы башка тилдердин классификациясын, тарыхый диалектологиясын жана түрк элдеринин этногенезин изилдеген эмгектери бар.

      Кыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданияты – кыргыз элинин жалпы маданий тарыхынын орчун баскычтарынын бири.Кыргыздар XV кылымдын аяк ченинен тартып Кыргызстандын тупку калкына айланган. Ошондуктан мындан ары көбүнөсө кыргыздардын маданияты тууралуу сөз болот. Анын үстүнө дал ушул учурда Ала-Тоодо элет элинин калыптануу процесси жалпы жонунан аяктап калган. Мындай олуттуу окуя бир элдин бирдиктүү маданиятынын калыптанышына, өсуп-өнүгүшүнө тузуп, жаны көрүнүштөргө жол ачканы аныкБул мезгилде кыргыз элинин маданияты байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук Азияда түптөлгөн бай маданий казына миң түркүн мурастарды өзүнө сиңирип алдыКыргыздар жашаган Тенир-Тоо системасы жана ага чектеш өрөөнүндө Батыш, Чыгыш жана Түштүк Азиянын калктарынын маданий, соода, рухий (диний) алакала- рынын көпүрөсү катары кызмат кылган.Орто кылымдарда Кыргызстанда жана канатташ аймактарда (буддизм), теңирчилик жана башка шамандык ынаным, несториандык (христиандык), ислам, ламаизм (бутпарас дининин бир агымы) сыяктуу диндерге ишенген, өз жазуусун жана дуйнеге көз карашын жайылтууга аракеттенген ар кыл маданий аймактардын өкүлдөрү жашап, өз изин калтырышкан. Арийне, андай мурастарды сиңдируу оной-олтон ишке ашкан эмес. Ар кыл тарыхый доорлор, ички жана тышкы согуштар, са¬ясий, диний ецуттегу езгеруулер, жазуу маданиятындагы жаныруулар, арга- сыз журт которуулар жана башка кыйын кезендер маданий өнүгүүгө кедерги болуп турган.

        Элдик оозеки чыгармачылык Кыргыз элинин маданиятынын басымдуу бөлүгүн элдик оозеки чыгармачылык түзөрүн орто кылымдардан бери эле европалык чыгышпоздор баса белгилеп келишкен. Оозеки чыгармачы- лыктын ичинен кыргыз эли эн, бийик сереге өнүктүрө алган жанр дастанчылык болуп саналат.XVI кылымда «Мажму таварих» («Тарыхтар экыйындысы» ) аттуу Сайфеддин Ахсыкендинин чыгармасында Манас баатыр менен байланыштуу уламыш чагылдырылган. Демек, ошол кылымдагщ эле «Манас» дастаны Фергана кыргыздарынын арасында кенири таркаган Дастан эл биримдигин чыцдоого, ынтымакты кучетууге жана Ата Жуптт сүйүүгө үндөйт.«Манас» училтигинин («Манас», «Семетей», «Сейтек») езогу кыргыз элинин көз каранды эместик учун кылымдар бою жургузге баатырдык курештеру, эгемендуу мамлекетин түзүү, анын коопсуздугЭ элдин бейпил турмушун, кыйыр бутундугун жоодон коргоо идеясы тузе-п’.Кийинки доордогу атактуу манасчылардын катарына Келдибек Ба¬лык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай ж.б. кирет. Дастанда кыргыз элинин эзелки мезгилден тартып жацы доорго чейинки тарыхындагы орчундуу окуялар элдик оозеки чыгарма турунде элестуу баяндалат Узак убакытта калыптанган (айрым окумуштуулардын (М. Ауэзов, А. Бернштам) ою боюнча дастандын башаты VII кылымга таандык бул эпос акырындап кыргыздын башка майда дастандарын да өзүнө сицирип, макал-лакал, накыл сөз, географиялык, космографиялык, этнографиялык жана башка оилимдердин мухитине айлана берген.

                   Элдик оюн-зооктор.Эркти, кучту, эптүүлүктү, шамдагайлыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган куч сынашуу, тецтайлашуу (спорт) оюндары уландарды жоокердик эр журектуулукке, ыкчамдыкка уйретууге ебелге тузген. Андай оюндар жамбы атмай, эр сайыш (эреел), эр эциш, балбан куреш, мал, таш кетеруп куч сынашуу, кек беру (улак) тартуу, кыз куумай сыяктуу оюндар болгон. «Ат — адамдын канаты» делет кыргыз накыл сезун- де. Ат чабыш, жорго салуу, кунан чабыш, оодарыш, кек беру сыяктуу ат оюндары калайыктын кенулун естуруп, кеп иштерге шыктандырган.Белек Солтоноев XVII—XVIII кылымдарда дацкы таш жарган баатырлардын шумдуктуудай аргымактарын (Шарп Кула — саяк Тугел бай казак ханы Эшимге тартуулаган буудан, Кер Кулун — Атаке баатырдын жоого минген аргымагы): ж. б. гипонимдерди (жылкы аты) санап келип, бугу уруусунан чыккан Найман, Жаныбек деген сынчылар кулуктерду 18 турге белгенун айтат.

                   Кыргызстандын тышкы саясатыКыргызстан учун, тышкы саясат ички саясаттын органикалык уландысы болуп эсептелинет. Ал олконун коп улуттуу, коп конфессиялуу элдин консолидацияланган кызыкчылыктарын корсотуп, мамлекеттик суверенитетти коргоого, демократияга багытталган экономикалык жана саясий озгоруулорду откозууго ылайыктуу тышкы шарттарды тузууго багытталган.

         Улуттук кызыкчыларын саясий жана дипломатиялык методдор менен камсыз кылуу тышкы саясаттын негизин тузот. Ошол менен байланыштуу, томонкудой приоритеттер озгочолонот:

• суверенитетти жана территориалдык бирдикти камсыз кылуу

• экономикалык жана демократиялык реформаларды откозуу учун ылайыктуу тышкы шарттарды тузуу

• Кыргызстандын жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын коргоо

Улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган тышкы саясаттын аткаруусунда томонкудой тапшырмалар турат:

• онугуу максатында олкодогу стабилдуулугун сактоо

• региондогу стабилдуулук жана коопсуздук

• кошуна мамлекеттер менен жакшы мамиле тузу жана Борбордук Азиядагы интеграциялоо процесстерин терендетуу

• КМШнин бекемдоосуно, анын экономикалык жана саясий потенциалын реализацияланганына комок корсотуу

• Батыштагы жана Чыгыштагы онуккон олколор менен достук мамилелерин бекемдетуу

• БУУнун системасындагы уюмдар, атайланган мекемелер, регионалдуу эл аралык буюмдар, каражаттык жана экономикалык институттар менен кызматташууну онуктуруу

• онукуп жаткан олколор менен кызматташууну бекемдоо

            Дуйнодогу, региондогу тез озгоруп турган абалы олконун коопсуздугу жана улуттук кызыкыларын максималдуу камсыз кылуу учун тышкы саясат стратегиясынын жаны тушунукторун, жаны формуласын иштеп чыгуунун керектигин аныктайт. Кыргызстандын коопсуздугун жана социалдуу-экономикалык онугуусун камсыз кылуу ошол багыттагы эн негизги суроолору болуп эсептелинет. Буга байланыштуу, улуттук жана регионалдык коопсуздуктун, кызыккат олколор жана эл аралык буюмдар менен терроризмге диний экстремизмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы куроштун багытындагы аскер-саясий кызматтташуунун ар кандай аспекттери озгочо маани алышат. Улуттук программаларды аткаруу учун тышкы карыздар, гранттар, техникалык жана гуманитардык жардамдар мобилизациялоо иши уланышы керек.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо суроосу озгочо маанилуу болуп, тышкы саясаттын озгочо багытын тузот. Мамлекеттик чек арасы откон сызыктын юридикалык аныктоосу так моонот менен чектелбеген жана конулдуу мамилени, суйлошуулордун эл аралык укуктук нормалар жана дуйнолук практикага таянган укуктук негиздерин аныктоону талап кылат.

             Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иши Европанын жана Азиянын олколору менен эки тараптуу жана коп тараптуу багыттагы кызматташууну активдуу турдо онуктурууго багытталган. Кыргызстандын кызматташуусунун приоритеттуу багыттарын КМШ Европа Уюмунун олколору, Кытай, Индия, Пакистан, Иран, Япония, Туштук Корея жана Малазия олколору тузот. Кыргызстандын башка олколор менен диалогтун жогору денгээлде отконун айтып кету керек. Азыркы этапта, сода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды онуктуруу негизги милдети болуп эсептелинет.

Кыргыз-Кытай мамилелери Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилелер Кыргызстандын тышкы саясатынын эн негизги аспекти. Кытайдын приоритеттуу оруну анын дуйнолук жана регионалдык иштеринде оскон салмагы, чон экономикалык жана демографиялык потенциалы, анын Кыргызстанга жакын болгону менен аныкталат. Бул олко менен кошуна мамилелерин тузу коопсуздукту камсыз кылуунун керектуу мамилеси жана туштук жана чыгыш тараптагы коммуникацияларды, сода-экономикалык кызматташууну онуктуруунун маанилуу шарты,Жалпысынан, терен кызыкчылык жана достукка таянган кыргыз-кытай мамилелеринин динамикалык турдо онуктурушун атып кетиш керек. Дипломатиялык мамилелерди тузуудон откон 15 жылдын ичинде, Кыргызстан менен Кытай кошуналык жана достук мамилелерын тузуп, ар кандай сфереларда – саясатта, экономикада, коопсуздукта, маданий-гуманитардык сферада кызматташууну кура алышты.Кыргыз-Таджик мамилелерТаджикистан Республикасы менен мамилелерди терендетуу Кыргызстандын Борбордук Азиядагы тышкы саясатынын приоритеттуу багыттардын бири. Бул коптогон объективдуу жана субъективдуу шарттар менен аныкталган. Кыргыз-таджик мамлекет аралык мамилелер активдуу онуктуруудо. Бул мамилелердин негизги муноздомосуалардынстабилдуулугу. Жалпысынан, кыргыз-таджик мамилелеринин динамикасы позитивдуу.Кыргыз-озбек мамилелерКыргызстандын анын башка кошунасы – Озбекистан Республикасы менен бекем достук мамилелери тузулгон. Бири бирин урматтоо жана жардам берууго таянган эки олко ортосундагы адаттагыдай чын кошуна мамилелер Кыргыз Республикасы менен 1996 жылдын 24 декабрда кол коюлган Озбекистан Республикасынын ортосундагы достук келишиминин багытында онугуудо. Ошону менен, кыргыз-озбек мамилелерин жаны маани менен толтуруунун керектуулугу келип калды. Эки олконун башчылыктары негизги конулун сода-экономикалык мамилелерин онуктурууго жана экономикалык кызматташуунун болот.

             КЫРГЫЗСТАН 1985-199180-жылдардын ортосунда Советтер Союзу Коомдук экономикалык, социалдык жана саясий кризиске батып, административдик-буйрукчул бийлик жаны доорго ылайык келбеи, олконун ичиндеги кризис сырткы саясаттагы кризис менен коштолгон. Ушундай кырдаалда 1985-жылы 11-мартта КПСС БКнын ген. секретарлыгына М. С. Горбачев дайындалган. М. С. Горбачев КПСС БКнын апрель (1985-жылы)Пленумунда олконун коомдукэкономикалыктурмушуцнун копчулук маселелерин жаныча чечууну сунуш кылган. Пленумда олконун социалдык-экономикалыконугушунун багыты жарыяланган. Партиялык-мамлекеттик башкаруучулуктагы коррупцияны жоюш учун адегенде брежневдик саясатка ото берилген бир катар жумушчулар ишинен кетирилип, алардын ордуна жаны коз караштагы адамдар келген. Партиялык жетекчиликти жанылоо бутундой олко боюнча жургон. 1985-жылы чейрек кылымга жакын Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетин башкарган Т.Усубалиевкызматынан четтетилип, ордуна Апсамат Масалиев шайланган.Горбачев КПСС БКнын январь (1987жыл)Пленумундаайкындуулук аттуу жаны саясатын жарыялаган. 1988-1989-жылдары СССРде,аныничиндеКыргызстанда жаны кырдаал тузулуп, кайра курууга жалпы эл массасы, коомдук уюмдар жигердуу катыша баштаган. Коомдук турмуштун саясатташы тездик менен журуп, жаштардын биринчи дискуссиялык, саясий клубдары пайда болуп, алар коом турмушундагымаанилуумаселелерин кызуу талкуулашып, оздорунун пикирлерин эркин билдиребашташкан.Кыргызстан калкынынсаясийжигердуулугунун осушу, улуттук ан-сезимдин которулушунун шартында Кыргызстан Компартиясынын толук козомолундо турган Кыргыз ССР Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили жонундогу мыйзам. 1989-жылы 12-декабрда СССР Жогору Советинин кезексиз 22-сессиясы кабыл алган «СССРдин Конституциясына (Негизги мыйзамына) озгортуулор ошондой эле толуктоолор», «Эл депутаттарыншайлоо» жонундогу мыйзамдардыннегизинде СССРде биринчи жолу элдин эркине ылайык жогорку бийликтин органыСССР эл депутаттарынын съезди туптолгон. 1990-жылы феврал айында Кыргыз ССРинин Жогоркуошондойэлежергиликтуу советтерине шайлоолор болуп откон. Бул Кыргыз ССРинин тарыхындагы биринчи откон альтернативалык шайлоо эле. 1990-жылы апрелдеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчисессиясында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы А. Масалиев Кыргыз ССР Жогору Советининторагалыгынашайланып,мамлекеттинбашчысынын укугуналган.Сессиянынжурушундомамлекеттик бийликтин укуктарын тактоо, президенттик бийликти киргизуу жонундо сунуштар айтылган. 1990-жылы март айында откон СССР Эл депутаттарынын 3-съезди партиянын коомдогу башкаруу ордун бекемдеген 6-статьяны алып таштоо жонундо чечим кабыл алган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясы да жогорудагыдай эле чечимди кабыл алган. Ошентип олкодо, ошондой эле Кыргызстанда демократиялык коомдун негизги белгиси болгон саясий плюрализм ошондой эле коп партиялуулук учун кенири жол ачылган.

           Кайра куруу жылдарындагы экономикаРеспубликадагы ишканалардын, айыл чарба ондурушунун оз алдынчалыгы кенейтилип, алар озун-озу актоонун, жетектоонун, финансылоонун негизинде чарбалык эсепке ото баштаган. 1986-жылы чарба жургузуунун бул ыкмасына республикада онор жай продукциясынын 70 пайызын ондургон 125 ишкана жана бирикмелер откон. 1987-жылдан кайра куруу республиканын эл чарбасынын бардык тармактарында камтылган. Кайра куруу жылдарында олконун экономикасын радикалдуу турдо реформалоо жонундогу чечим КПСС БКнын июль (1987-жылы) Пленумунда биринчи жолу кабыл алынган. Реформанын максаты административдик-буйрукчул башкаруудан элдин кызыкчылыгын коздогон экономикалык ыкма менен башкарууга отуу.

           Бирок олконун ондуруш каражаттарына карата менчиктин коп турдуулугуно жол берилген эмес. КПССтин 28-съезди ошондой эле КПСС БКнын октябрь (1990-ж) Пленуму экономикалык реформаны жургузуу, рынок экономикасына отуу жонундо чечим кабыл алган. Бул чечим Кыргызстандын башкаруу органдарында да талкууланган. Кыргызстанда рынок экономикасына отуу боюнча Мыйзам 1991-жылы 7-августта кабыл алынып, анда мамлекеттик жана коммуналык ишканаларды арендалык, мамлекеттик акционердик ошондой эле коммерциялык коомдорго айландыруунун жолдору аныкталган. Башкаруунун экономикалык ыкмаларына отуунун натыйжасында, жетекчилердин эмгек жамааттары тарабынан альтернативалык негизде шайлана башташы менен жергиликтуу партиялык уюмдар эл чарбасын башкаруудан четтелип, жон гана байкоочуларга айланган. Ушул мезгилден тартып Кыргызстандын онор жайы оор абалга кириптер болгон. Мурда СССРдеги бирдиктуу эл чарба комплексин тузуу саясатынын натыйжасында, союздагы ишканалар оз ара адистештирилип, даяр продукция ондуруу учун бири-бирине чийки заттарды, тетиктерди жонотуп турса, кийин келишимдик тартиптер, ондуруш ошондой эле регион аралык байланыштар бузулуп, бартердик алмашуу башталган.Онор жай ондурушунун кризиси куч алып, ишканалар талап-тонолгон. Айыл чарбасын рынок мамилелерине откоруу аракети1986-1990-жылдары республиканын экономикасынын маанилуу тармагы болгон айыл чарбасын реформалоо учун жер, аренда, жерге карата менчик ошондой эле жерди пайдалануу жонундо мыйзамдар кабыл алынган. Колхоз, совхоздор менен бирге дыйкан чарбалары кооперация, фермердик чарбалар пайда болуп, оздорунун ишмердигин чарбалык эсептин, озун-озу каржылоонун тартибинде жургузгон.

          Продукция ондуруудо жана сатууда булардын ортосунда конкуренция пайда болгон. Республиканын айыл чарбасын жетектоону жакшыртуу учун мурдагы 7 министрликтин ордуна Кыргыз ССРинин Мамлекеттик агро-онор жай комитети тузулгон. 1987-жылы бул комитетте 178 колхоз, 291 совхоз, 43 чарба аралык ошондой эле башка айыл чарба ишканалары кирген. Андан сырткары 6 айыл чарба продуктуларын иштетуучу ишкана, 104 тамак-аш онор жайынын ишканалары, 142 айылдык курулуш уюмдары кирип, башкаруу аппаратынын жарымы кыскарган.

           Айыл чарбасындагы абалды ондоо учун 1986-1990-жылы мамлекет пландан ашык ондурулгон продукцияны 50-100 пайызга кымбат алып, ондурулгон продукциянын 30 пайызын колхоздук базарларга, керек-жарак кооперацияларына сатууга уруксат берилген. Андан сырткары айыл чарбасына чарбалык эсептин негизинде коллективдуу жана уй-булолук подряд киргизилген. 1989-жылы республиканын колхоздорундагы болумдордун 90 пайызы арендалык подряддын негизинде иштеген. Бул айрым чарбалардын экономикасын которгон. Бирок административдик-буйрукчул системанын шартында иштоого койгон эл оз алдынча чарба кутуудон чочулаган, чарба жетекчилери болсо арендалык болукторго ишенген эмес, планды аткаруу учун чарбаларды болбой кармоого аракеттенишкен. 1988-жылы Кооперация жонундо мыйзам кабыл алынып, озунчо чарба кутууну каалагандарга мумкунчулук ачылатДыйкан ошондой эле фермер чарбалар турундо эксперименттик кооперативдер тузуло баштаган. 1990-1991-жылдары айрым гана демилгелуу адамдар тушумдуу жерлерди, техникаларды, женилдетилген кредиттерди узак моонотко алышып, оз алдынча дыйкан, фермер чарбаларын тузушкон. 1991-жылы 1-январга карата республикада 4567 дыйкан, фермер чарбалары негизделген. Бирок социалисттик чарба жургузуунун шартында кооперативдик кыймыл да, дыйкан ошондой эле фермер чарбалары да онуго алган эмес

        СССР КУЛАШЫ, КМШ Кыргыз элинин көп кылымдардан берки тарыхында маанилүү окуя анын улуттук-эгемендүү Кыргыз Республикасынынтүзүлүшүболупэсептелет.ЖогоркуСовети «КыргызРеспубликасынынмамлекеттиксуверендүүлүгү жөнүндөгү Декларация» кабыл алган. Анда Республиканын ар түрдүү улуттардан турган граждандары, Кыргыз Республикасын түзөт, республикада жашаган бардык улуттардын улуттук маданиятын, тилин, каада-салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө кам көрүлөт деп белгиленген. Мындан тышкары Декларацияда менчик көп түрдүү болуп алар тең укуктуулукка ээ болоору жарыяланган.ССРдеги саясий системаны реформалоонун натыйжасында коомдук саясий турмушта демократиялык принциптер көбүрөөк жүзөгө ашырыла баштаган. Өлкөдө ар түрдүү демократиялык уюмдар түзүлгөн. Бирок өлкөдө улут аралык мамилелер татаалданып курчуй берген. Республикалык суверендүүлүк үчүн күрөшүү күч алган. Айрым республикалар союздан чыгаарын ачык эле билдире башташкан. Союздук жана Республикалык мыйзамдардын ортосунда тирешүү пайда болгон, экономикалык кыйынчылыктар күчөгөн.СССРЭлдепутаттарынын 4-съездинин чечими боюнча жана СССР Жогорку Советинин 1991-ж.16-январындагы токтомуна ылайык тең укуктуу, суверендүү республикалардын жаңыланган федерациясы катары СССРди сактоо мамилеси жалпы элдик добушка (референдум) коюлган. Референдум 1991-ж. 17-мартта өткөрүлүп, Союзду сактоого далалат кылган күчтөр менен анны бузууга аракеттенгендердин күрөшүнүн шартында жүргүзүлгөн. Көпчүлүк жерлерде Конституциялык эрежелер бузулган.

            Референдумдун жыйынтыгында 9 союздук республика РСФСР, Украина, Белорусия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайджан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан көпчүлүк добуш менен союзду сактоого добуш берген. Ал эми калган 6 республикалар (Грузия, Литва, Молдавия, Латвия, Армения, Эстония) союзду сактоо үчүн андагы калктын 1-25%и гана добуш беришкен.Чындыгында бул республикалар союздун сакталышына каршы экендиктерин билдиришкен.

      Жалпысынан референдумдун жыйынтыгы союздун ыдырашына алып келген.       Кыргыз жазмасы – түрк-моңгол тилдүү элдердин ичиндеги эң байыркы жазма маданияты. Бул жазма 6–12-кылымга таандык. Кыргыз жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Енисей чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, тоолуу Алтай, Краснояр крайы), Таласта, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилининкеректөөлөрүнканааттандырган. Атактуу түркологдор В. В.Радлов, В. Томсен, С.Е.Малов, тарыхчы С.В.Киселев жана башкалар бул жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен. Енисейдеги жазуулар Орхон руна сымал жазууларынан кээ бир грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Енисейдеги жазуу системасы Орхон руна сымал жазууга салыштырмалуу эрте пайда болуп, Кыргыз мамлекетинин иш кагаз, дипломатиялык жана башка керектөөлөрүндө пайдаланылган. Енисей, Талас, Кочкор жазуулары жалпы бир чөйрөдө калыптанып өнүккөн. Бул жазуу эл аралык дипломатияда да колдонулгандыгын кытай жыл баяндары тастыктайт. Мусулман булактары да кыргыздарда (Абу Дулаф, 10-кылымда) өз жазуусу болгондугун кабарлайт.

       Болжолу, кыргыздардын Енисей жазма маданияты 17–18-кылымдарда колдонулган. Орус булактары енисейлик кыргыздардын жазуусу болгондугун кыйыр кабарлашкан. Руна сымал жазуусун кыргыздар өздөрү ойлоп таап, өнүктүрүшкөндүгүн ташка чегилген жазуулардагы маалыматтар, адам аттары, өзгөчө эн тамга белгилери далилдей алат. Акыркы иликтөөлөрдө кыргыз уруулук эн тамга белгилери менен жазма эстеликтердеги эн тамгалардын жалпылыктары аныкталды. Кыргыздар уйгур жазмасын, ислам динин кабыл алышкан соң, араб алфавитин өздөштүрүшкөн. Айрым кыргыздар орто кылымдарда кытай иероглифтери жана тибет жазмасын үйрөнүшкөндүктөрү жөнүндө маалыматтар бар. Кыргыздар 1827-жылга чейин араб, 1928–39-жылдары латын алфавитин колдонуп келишкен. 1939–40 жылдары кириллицага негизделген орус алфавитине өтүшкөн.

        Чагатай улусу (1224–1348) – мурас бөлүштүрүүдө (1224) Чыңгыз хандын уулу Чагатайга жана анын урпактарына тийген Борбор Азиядагы аймак. Ал аймакка Мавераннахр, Жетисуу, Кашкар кирген. Ясы жол-жоболоруна ылайык Чагатайга 8 миң аскер бөлүнүп, Улуг-Иф (Чоң үй) менен Алмалыктын батышындагы Куяш улус борбору болуп жарыяланган. Мавераннахр Чагатай улусуна караганы менен, иш жүзүндө аны Үгөдөй хан башкарган. Ал Мавераннахрды башкаруу укугун Махмуд Ялавачка (1225–38-жылы башкарган) тапшырган. Кийин анын уулу Масудбек (1238–89) бийликти колуна алган. Чагатай өлгөндөн кийин (1242-жылы) моңгол төбөлдөрүнүн ичара күрөшүнүн натыйжасында, Чагатай улусу начарлап, анын аймактарын Муңке менен Батый бөлүп алган. Мавераннахр Батыйга тийген. 1259-жылы Чагатайдын небереси, Байдардын уулу Алгу бийликке келип, чагатайлардын бийлигин кайра орнотуп, ал 1266-жылдарга чейин улусту башкарган. Хайду мамлекетинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу (1269) Чагатай улусунун аймагы Хайду менен Баракка бөлүштүрүлүп, көпчүлүгү Хайдунун энчисине тийген. Кийинчерээк Хайду Чагатай улусун башкарууга Барактын уулу Тубаны коюп. Хайду өлгөндөн кийин анын ээлеген жери толугу менен Тубанын карамагына өткөн. Тубанын уулу Кебектин тушунда (1318–26) мамлекетин борбору Теңиртоодон Мавераннахрга – Каршы шаарына көчүрүлгөн. Ал акча реформасын жүргүзүп, моңгол ак сөөктөрүн отурукташтыруу менен шаар турмушун колдоо ишчарасына колдоо көрсөтөт. Чагатай улусунун төбөлдөрү карама-каршы эки топко бөлүнүп, бири (Чагатай, Күйүк, Барак жана башка) көчмөн турмушту, моңгол турмуш-тиричилигин, каада-салтын жактырып, отурукташкан калкка карата талап-тоноочулук, айдоо жерлерин жайытка айландыруу саясатын колдошкон жана Чагатай улусунун түндүк-чыгышы Жетисууну колго алган. Экинчи тобу (Моуңке, Масудбек, Кебек жана башка) отурукташкан элди талоонго алуу оң натыйжа бербейт деп эсептешип, алар бирдиктүү хан бийлигин бекемдөө, айыл-чарбасын, кол өнөрчүлүк, соода, шаар тармагын өстүрүү аракетин кылышкан жана алар Мавераннахрды көздөшкөн. 1346-жылы Чагатай улусунун акыркы ханы Казан Казаган эмир тарабынан өлтүрүлгөн соң Мавераннахрда бир нече майда түрк эмир аймактары пайда болуп, бара-бара Тимурдун мамл. түзүлөт. Ал эми Чагатай улусунун чыгышында дуулат эмири Пулатчы 1348-жылы Аксыда такка көтөргөн чагатай тукуму Тоглук-Темир турган.

    Улуу жибек жолу – б.з.ч. 2-кылымдын ортосунан орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода жана маданий-карым катнаш жолунун аталышы.Бул жол Чыгышта – Кытай, Батышта – Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө – Чыгыш Европаны жана Сибир аймагын, түштүктө – Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган.Кыргызстан аймагы да Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагун, Суйаб, Барскан, Кочкор-Башы, Атбашы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.Эне-Сай кыргыз каганаты менен Орто Азияны бириктирген сода жолу Кыргыз жолу деп

     Жер, сууларыКыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым.Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери – 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери – 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан – тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы – Нарын). Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.АксыАкталааАларчаАлабелАлабукаЖеңиш чокусуНарынЫсыккөлАтбашы

    ИСА. Ахунбаев 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл Тору-Айгыр айылында (азыркы Ысык-Көл районуна караштуу айылда) туулган. 1935-жылы Ташкен шаарында Орто Азия медицина институтунаяктаган.19351939жылдарыКыргызстандын саламаттык сактоо элкомиссарыболгон.1948-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтунун (азыркы Медицинаакадемиясынын) ректору болгон.1952-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын башчысы, 1954-1960-жылдары – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти болуп иштегеКыргызмедициналык институтунун жетекчиси Иса Ахунбаев 1948-жылдын 25-июнунда Москва шаарында доктордук диссертациясын жактаган. Иса Коноевичтин диссертациясы «Чүй өрөөнүндөгү эндомикалык богок» деген темада болгон. Автордун диссертациясы адистердин колдоосуна татып, Иса Ахунбаев кыргыздан чыккан биринчи илим доктору болупкалган.Жалпысынан 300 илимий эмгек жарыялаган. Анын жетекчилиги астында 6 доктордук, 35 кандидаттык иш жакталган. 1959-жылы Борбордук Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасаган, анысы ийгиликтүү болгон.Үй-бүлөсү менен үркүндө Кытайга качып барышып, 8 жашында койчу болуп иштеген. 15 жашында туулуп өскөн айылына кайтып келип, айылдагы мектептен билим алат.Профессор И.К.Ахунбаев дүйнөгө белгилүү инсан болгон. Ал көптөгөн эл аралык илимий жанакоомдукфорумдардын делегаты, анын ичинде Москва, Дублин, Венада жана башка өлкөлөрдө өткөн хирургиялык конгресстерге катышкан. Талыкпаган эмгегинин аркасында миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, алкышын алган. И.К. Ахунбаев Ленин ордени, Октябрь революциясы ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы ыйгарылган, СССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССРинин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Тарыхты изилдѳѳдѳ ага кѳмѳктѳш илимдер чоӊ жардам берет. Алар адам коомунун конкреттүү жактарын атайлап изилдѳѳ аркылуу тарыхый процессти тереӊ түшүнүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Алсак , убакытты эсептѳѳнүн системасын- хронология; жазуу эстеликтерин жана жазуунунтарыхын –полеография; тыйын медалдар, ордендер , акча системасын, соода тарыхын- нумизматика; таштагы, чоподогу, металлдагыжазууларды- эпиграфия; элдердин, уруулардын, жеке адамдын чыгып келишин- генеалогия; ѳлкѳлѳрдүн, шаарлардын, жеке инсандардын гербдерин- геральдика; моорлорду- сфрагистика, географиялык таттардын чыгып келишин –топонимика

          Тарыхты терең иликтөө аркылуу адамзаттын өнүгүү баскычтары, багыттары, цивилизациялык жетишкендиктери, жалпы адамзаттын өнүгүүсү үчүн тигил же бул этностун же инсандын салымдары, адамзат тарыхындагы бурулуш учурга жетелеген окуялар, кайгылуу, алааматтуу жана жеңиштүү, ийгиликтүү учурлар, өткөндүн оң жана терс сабактары таразаланат.Тарыхты комплекстүү үйрөнүү аркылуу гана тигил же бул элдин, улуттун, этностун, социалдык топтун, диндин, расанын өзгөчө тарыхый барактарын калыс таразалоого болот.Тарыхты илимий иликтөө тарыхый далилдерге гана таянат.

          Өзгөн архитектуралык комплекси 1112кылымдаргатаандыкэстеликтер. Өзгөншаарында,Карадарыянын ”жайьшмасынан бийигирээк тектирчеден орун алган. Үч күмбөздөн жана алардан 150 метрдей тундүкбатыш тарапта жайгашкан мунарадан турат. Бул күмбөздөр Караханийлермамлекетинин өкүмдарлары үчүн тургузулган. Адегенде 11-кылымдын башында ортоңку күмбөз курулган. Ал сырткы беттеринин жалпы узундугу 13,07 метр, түбү чарчы, үстү кумпалуу курулуш. Күмбөздүн дубалдары жаңа кумпасы чопо менен кынаштырьшган кыштан тургузулган.Ортоңку күмбөздүн түндүк жагына 1152жылы, түштүк жагына1187-жылы жанаша дагы эки күмбөз курулган.Түндүкжагындагы күмбөздө анын курулган мезгили жана Батыш Караханийлер каганы Хусейин Хасан ибн Алинин аты коюлуп жазылган. Бул күмбөз Ортоңку күмбөз менен анын туюк дубалынан тешилген оюк аркылуу байланышат. Күмбөздүн түбү чарчы формада. Кумпасы жана дубалдары ак ылай менен кыналыштырылган кыштантургузулганАрхеологиялык казуулардын учурунда ар кайсы мезгилдерде көмүлгөн мусулмандардын сөөгү табылган. Мунара 11-кылымдын 2-жарымында курулган жана төрт бөлүктөн турат. Алгач мунаранын бийиктиги 44,7 метрден кем болбосо керек. Кийинчерээк үстүңкү бөлүгү жер титирөөдөн урап түшкөн.Мунараныназыркы бийиктиги 27,4 метр. Мунара мусулмандарды азанга чакырууга арналган, согуш учурунда кароолкатарыпайдаланылган. Өзгөн архитектуралык комплекси 1923жылы Союздукреспубликалык маанидеги эстелик катары мамлекеттин коргоосуна алынган.

         Таш Рабат Кошой-Коргон шаарынын (орто кылымдардагы Ат-Башы шаары) урандылардын түштүгүнөн 70км жерден орун алган. Ал Таш рабат суусунун жээгинде (Кара-Коюн суусунун оң куймасы)Ат-Башы кыра тоолорунун бир чоң капчыгайына турат.

         Курулушу дээрлик чарчы келип,узундугу-34,8м,туурасы 32,4м.Эстеликтин төрт тарабы дүйно багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаменти уюлма катмарга кирип турат,тереңдиги 0,2-2м.Бүт вет маңдайы,дарбаза – эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт, анын туурасы 0,65-0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Чоң коридорунун эки четинде , ортоңку залынын төрт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чоң каридору менен залынын астында жалпак жука таш төшөлгөн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Бөлмөлөрдүн планы жана өлчөму мурдагы авторлордун эмгектеринен белгилүү болгон маалыматтардан башкачараак. Бул жагынан 9- бөлмө бөтөнөлөнүп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат, 20- бөлмө чоңураак, ага отроңку залдан 19-бөлмөнү аралап кирет.Эстеликтин планы менен өлчөмүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка бөлуктөрүнө да мүнөздүү.

            Залынын астынан, 23- жана 27- бөлмөлөрдөн чопо толтурулган ороолор табылган.

             Кошой-Коргон Ат-Башы өрөөнүнүн борборунан орун алган. Жер шартына жараша стратегиялык ыктуу жайгашып, байыркы учурда ушул жер менен өткөн соода жолун жана бүткүл өрөөндү тескеп турган.Шаар 245-250 м келген төрт бурчтук форманы ээлеп жатат. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 4-8 м.Алардын периметри боюнча 60 сепил байкалып турат: түндүгүндө – 19, түштүгүндө – 13, чыгышында – 17 жана батыш жагында – 11. Дубалдары, ошондой эле сепилдери чоң-чоң топурак блоктордон жана узун кыштан салынган. Дубалдын түп жагынан калыңдыгы 7-9 м, улам жогору жагы ичкерип, 8 метрге жеткен жердеги калыңдыгы 3-4 м болот. Дубалдарынын жана сепилдердин айрым жерлеринде кийинки ремонт иштеринин издери жана жоон жыгачтардын калдыктары сакталып калган.

          Алар курулуш материалдары катары пайдаланылса керек. Коргонуу курулуштарынын монументалдуулугу согуш коркунучу болгон кезде шаардын элин ишенимдүү калкалап турган. Шаардын бардык тарабында 12 м алыстыкта дубалдары курган кездиги топурак алгандан кийин калган чуңкурлар жатат. Коргондун ар бир тарабында да бирден, төрт эшиги болгон. Алгачкы учурда шаарга кире турган бир ган эшик болгон деп болжоого болот.Кийинчерээк анын калган дубалдарынан да эшиктер ачылган. А.Н. Бернштам чыгыш жана батышжагындагы дарбазалар 1375-ж. Амир Темирдин шаарга келген учурунда пайда болгон деп эсептейт. Анын пикири боюнча ошол эле мезгилде шаар чыгыш жана туштук жагынан бир катар аянтты алган кошумча дубал менен бекемделген. Тилекке каршы, айыл чарба жумуштарына байланыштуу бул дубалдар биздин күндөрдө бүт бойдон бузулган.

             Шаарды казып көргөн кезде курулуштардын калдыктары табылды, алардын дубалдары кыш менен салынган, таманына топурак жана жалпак таштар төшөлгөн. Уйдун ичинде очоктун издери сакталган. Бир бөлмөнун керегесинин шыбагында көк, кызыл, ак жана сары боёк менен жүргүзүлгөн оймо-чийменин издери бар.Бөлмөлөрүнон ар кандай материалдар: жаргылчак, чоподон, таштан, сөөктөн жасалган ийиктер, алардын айрымдарына оюу салып коюлгандары да табылган. Темир буюмдардан болсо: жаанын учтары, бычактын сыныктары сакталып калган. Куруларга же жүгөнгө кадап жасаган жалпак коло буюмдары да чоң мааниге ээ. Мындай кооздоолор 6-10 кк. Түрк тилиндеги көчмөн урууларда кеңири тараган. Колодон жасалган чоң шакек айрыкча кызыгууну туудурат. Анткени анын жогорку бетине бири-бирин карап турган эки өрдөктүн сурөтү салынган. Мындай табылга Кыргызстандын аймагынан биринчи жолу кезигип отурат.

        Шах Фазил күмбөзү – 11–14-кылымдарга мүнөздүү архитектуралык эстелик. Алабука районундагы Сафедбулон

кыштагына жакын жайгашкан. 11–12-кылымда курулган. Алгач ичи кооз таштардан кыналган; 12-кылымда ганч

(алебастр катырмасындагы материал) менен оймо-чиймеленип кооздолгон, башкы фасадынын 2 жеринен оюк

оюлган. Кийинки кайра куруулардын натыйжасында алгачкы көрүнүшүн жоготкон. Дубал жактарынын узундугу

сыртынан 11 м, ичинен 7,80 м, калыңдыгы 1,63 м, бийиктиги 15,37 м. Дубалдын бурч-тары чыгыш жана батыш

багытында жайланышып, төрт чарчы (куб) формада болгон. Дубалы төмөндөн жогору карай жантайыңкы

курулуп, үстүнө 6 кырдуу бурчтары тепкич сымал конфигурациядагы кошумча дубалдар менен кооздолуп, конус

сымал кумпа (купол) менен жабылган. Дубалдары жана кумпа бышкан кыштан тургузулуп, түштүк батышында

каалга орнотулуп, терезе жасалган. Терезенин эки жагында каалга болгон. Күмбөздүн ички дубалдары

шыбалып, ганч менен жогорку чеберчиликте оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ичинде элегиялык жана диний

маанидеги куфи жазуулары, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн. Диний тексттер араб тилинде,

элегиялык текст-тер фарсы тилинде жазылган. Ушул жагынан Шах Фазил күмбөзү башка архитектуралык эстеликтерден

өзгөчөлөнүп турат. Күмбөзгө Караханилер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган. Эстелик

архитектуралык жана көркөмдөлүшү жактан – орто кылымдагы жетишкендиктин жогорку чеги. Эстелик

ЮНЕСКОнун каттоосуна алынган. Б. П. Денике, Б. Н. Засыпкин, А. Н. Бернштам жана башкалар тарабынан изилденген.

           Шырдакбек чеби – Борбордук Теңиртоодогу Алабуга суусунун оң өйүзүндө (Акталаа р-ну) жайгашкан. 10 – 13-к-га таандык. Аталышын 18-к-дагы баатыр Шырдакбектин ысымы м-н байланыштырышат. Бул чепти 1945-ж. А. Н. Бернштам изилдеп, отурукташкан үлгүдөгү бир нече турак-жай комплексинин орун алгандыгын аныктаган: 1. Ш. чеби; 2. чептин түштүгүндө жайгашкан төрткүл; 3. төрткүлдүн түштүгүндө жайгашкан тепе; 4. чептен 1 км аралыкта жарым-жартылай сакталган шаар чалдыбары. Чеп төрт чарчы формада салынган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 6 мге че-йин жетип, баксадан курулган. Чептин дубалдары, бурчтары, эшиктери мунаралар м-н бекемделген. Мунаралардын боорунда жаа атуу үчүн тешиктер жасалган ж-а чепти айланта туурасы 20 мдей аң казылган. Ш. ч. Фергана кырка тоосу аркылуу Өзгөн тараптан каттаган байыркы кербен жолунун боюнда жайгашкан. А. Н. Бернштамдын пикири б-ча бул жерде түрк башкаруучу тө- бөлдөрүнүн чеп-байтактысы орун алып, анын айланасына Ферганадан көчүп келгендердин турак-жайлары жайгашкан. Шырдакбек комплекси соода жолунун боюнда жайгашып, ал жерден орто кылымдарда Жамандабан аркылуу Арпа өрөөнүнө, Байбиче-тоо ж-а Калкабар аркылуу Атбашы өрөөнүнө чыгууга, дагы башка жолдор м-н Кочкор өрөөнү, андан ары Ысыккөл ж-а Чүй өрөөндөрүнө жетүүгө мүмкүн болгон. Ш. ч-н А. Н. Бернштам Н. П. Кожемяко, М. И. Москалёв изилдеген

Кумбоз Кенкол суусунун жээгинде, азыркы Талас шаарынан 12 чакырым аралыкта, «Манастын» чокусу деп аталган тоонун этегинде жайгашкан. Кумбоздун аймагынан XII—XIII, айрыкча XVII—XIX кылымдарга таандык карапа идиштердин сыныктары арбын табылган. «Манас» чокусунда XIV кылымдын биринчи жарымына таандык платформа жана мунара турундо таштан курулган, чындалган «сепилдин» калдыгы сакталып калган.

             «Манас» чокусунун Тундук чыгыш тарабында байыркы кочмон уруулардын корустондору да жайгашкан. Манастын кумбозун жергиликтуу эл мындай уламыштарга байланыштырышат. Уламыштын бирине Караганда, Манастын уулу Семетей Анырташтагы салгылашууда курман болгон атасынын соогун мына ушул жерге алып келип койгон деп айтышат. Эл арасында тараган дагы бир уламыш боюнча, кумбозду Манастын жубайы Каныкей салдырган дешет.

    Легендарлуу эл баатыры Манастын арбагын, жаткан жайын анын душмандары кордоп койбосун деп, кумбоздун бет мандайындагы жазууга аял кишинин ысмын жаздырып коюуну Каныкей буюрган имиш.

          Тайлак Рыскул уулу (болжол менен 1796 Нарын дайрасынын боюндагы Каргалык деген жер, азыркы Акталаа жана Тогузтороо райондорунун чеги – 1838, Куртка) – XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү. Нарын кыргыздарынын Кокондун эзүүсүнѳ каршы күрүшүнүн 1-этабы 1832-ж. Тайлак батыр жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. Кокондун 7 миң аскери аз кыргыз колун жеңип алып, элди салык төлөөгө мажбурлаган. Нарын кыргыздарынын Коконго каршы күрѳшүнүн 2-этабы Мадали хандын Тайлак баатырды туткундоо үчүн Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберүүдѳн башталган. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Тайлак баатырдын күрѳшүнүн 3-этабы XIX кылымдын 30-жылдарынын аягына тура келет. Мадали хан Түркстан тараптагы казактын Эдиге тѳрѳсү менен келишип, аны көп кошуун менен жабдып, Тайлак баатырга каршы аттанышкан. Эдиге Таласты чаап, Ѳтмѳктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет. Бул урушта да Тайлак баатыр жеңип чыккан. XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстандын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынын Жааңгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерди баштаган. Бирок анын биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. Тайлак баатыр менен Атантай Жааңгердин кыймылына колдоо көрсөткөн. Анткени алар кытай баскынчыларын кыргыз аймактарына ѳткѳрбѳѳнү көздөшкөн. Кытайдын Синьцзяндагы башкаруучусу Жааңгерди колдогон кыргыздарды талкалап, жетекчилерин кармап келүү үчүн 1825-ж. Баян Бату генерал баштаган 500 кишиден турган аскерин Нарын тарапка жѳнѳткѳн. Алар Тайлак баатыр жокто анын айылын курчоого алып, талап-тоноп, жүздѳй адамды өлтүрүшкөн. Бул кабарды уккан Тайлак баатыр коңшу айылдардан шашылыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган. Тайлак баатыр 1838-жылы кокондук тыңчысы ууландырып ѳлтүргѳн. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыргыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбына келтирип, бийлигин чыңаган. Тайлак баатырдын эстелиги Нарын шаарында орнотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес электронной почты не будет опубликован.