Учкул сөздөр

ОО ЖАРАТКАН УЛУУ КҮЧ! КУДУРЕТИҢ ПЕЙЛИ КЕНЕН ААЛАМДАН,

БАРДЫК ПЕНДЕҢ СЫҢАРЫ – САГА КЕЛИП, ЖАЛБАРАМЫН ЖАЛЫНАМ,.

СЕНДЕ БОЛГОН КАСИЕТКЕ, АНАН ДАГЫ ЗОР КҮЧҮҢӨ ЗАРЫЛАМ,

АДАМДАРГА МЕНИ КҮЧТҮҮ, АНАН КЫЙЫН КЫЛБАСТАН,

АЛП ДУШМАНЫМ – “ӨЗҮМДҮ-ӨЗҮМ” ЖЕҢЕЙИН ДЕП СУРАНАМ!

Адамдын жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек.

Айкөл жүрөк мухит сыңары. Ал эч качан тоңбойт.

Билимдүүлүк – көп билгенде эмес, колдоно билгенде.

Үн-сөзү жок эң мыкты үгүтчү – кумурска.

Жолу болбой калгандык бул-акыл калчап баарын кайрадан баштоого берген мүмкүнчүлүк.

Эгер чечиле турган көйгөй маселе болсо, ага санаркоонун кереги жок. Эгер чечилбей турган көйгөй болсо, ага баш оорутуунун да кереги жок.

Биздин эң чоң кемчилигибиз колдон келбей калды деп эле шалбайып отуруп калганыбызда. Ийгиликке жетишүүнүн эң бир ишенимдүү жолу кайра-кайра аракет кыла берүү.

Эртең менен ойгонгондо өзүңө-өзүң “эмнени жасашым керек?” -деген суроону бер, ал эми кечинде уктарда өзүңдөн “эмнени жасадым?” деп сура!.

Оор жумуш-бул сиз убагында жасабай койгон майда жумуштардын жийындысы.

Мекенди сүүйүү- маданияттуу адамдын алгачкы артыкчылыгы.

Добавить комментарий

Ваш адрес электронной почты не будет опубликован.